Федерация Футбола Кыргызской Республики

Категории

  • No categories

    Поиск

    Фотогалерея

    img_6050 m23_18 m08_31 img_2463 dscn0120 dscn0113

    Календарь

    September 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     12345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    27282930  

    Партнёры

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

(Кыр) КРФФ «12-чи ОЮНЧУНУН БАЯНЫ» акциясын жарыялайт

2022 -жылы “Ак-шумкар ” өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилейт. Бул убакыт ичинде дүйнөдөгү эң мыкты күйөрмандардын эки мууну өсүп чыкты. Өзүнүн тарыхында команда узак жылдар бою унутта калып калган учуру да болду, бирок акырында мурда болуп көрбөгөндөй бийиктиктерге жетишип, бүткүл өлкөгө чыныгы футбол майрамын тартуулдады.

30 жылдын ичинде Кыргызстандын курама командасы 132 беттешүү өткөрдү, алардын ар биринде биздин кыйышпас футбол күйөрмандарыбыз биз менен чогуу болдуңуздар. Оюн кайсыл жерде гана болбосун, толуп турган “Спартак” стадионундабы, же алыскы Австралияда өтөбү, команда колдоосуз калган жок.

Биздин курама команданын эң алгачкы беттешүүсүндө сиздер эң маанилүү 12-оюнчу болуп бердиңиздер. Бул оюндун ар бир деталы эсибизде, ал биздин жүрөгүбүздө өмур бою сакталып кала берет!

Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы “12-оюнчунун баяны” акциясын өткөрмөкчү, анда ар бириңиздер Кыргызстан курама командасынын биринчи оюнуна кантип барганыңызды айтып берсениз болот. Баяныңызды өзүңүз тууралуу маалыматтар (аты жөнүңүз, жаш курагыныз, телефон номериниз) менен кошо press@ffkr.kg дарегине жибериңиз. Сүрөтүңүздү кошо тиркегенди унутпаңыз. Эң кызыктуу, адаттан тыш баяндарды социалдык түйүндөрдөгу биздин баракчаларга жарыялайбыз.

Эң мыкты күйөрмандарыбыз кимдер экенин бүтүн өлкө билсин!