Федерация Футбола Кыргызской Республики

Категории

  • No categories

    Поиск

    Фотогалерея

    dscn0248 dscn0026 img_0671 m13_03 m13_14 img-20140228-wa0009-300x168

    Календарь

    January 2022
    M T W T F S S
    « Mar    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31  

    Партнёры

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

(Кыр) 2019-жылы өтө турган Азия Кубогуна билеттер 30-июльдан тарта сатыкка чыга баштайт

2019-жылы өтө турган Азия Кубогуна билеттер 30-июльдан тарта сатыкка чыга баштайт.

Азиянын Футбол Конфедерациясы өзүнүн расмий сайтында (http://www.the-afc.com) 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна билеттердин сатылышынын датасын жарыялады. АФКнын маалыматы боюнча, билеттер сатыкка 30-июльда түшөт. Билеттерди таратуу системасы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек.

Билеттердин баары үч категорияга бөлүнгөн. Азия Кубогунун тайпалык этабынын мелдештерине билеттерди 25, 50 жана 70 дирхамга (болжол менен 465, 929 жана 1394 сом) сатып алса болот. 1/8 финалдын мелдештерине билеттердин баасы деле ушундай эле.

Чейрек жана жарым финалга билеттер 50, 75 жана 150 дирхам турат.

Финалдык мелдештин билеттерин күйөрмөндар 75, 150 жана 300 дирхамга сатып ала алышат.

Билеттердин категориялары:

Мелдештер КАТ 3   КАТ 2  КАТ 1
Тайпалык стадия AED* 25 AED 50  AED 70
Чейрек финалдар AED 50 AED 75 AED 150
Жарым финалдар AED 50 AED 75 AED 150
Финал AED 75  AED 150 AED 300

*AED – Дирхам ОАЭ — Бириккен Араб Эмираттарынын акча бирдиги

Эске сала кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасы катышкан футбол боюнча турнир 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргызстан С тайпасында Түштүк Кореянын (7-январь, Аль-Айн), Кытайдын(11-январь, Аль- Айн) жана Филиппиндин (16-январь, Дубай) курама командалары менен беттешет.