Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    dscn0055 dscn0043 dscn0274 m08_10 img_6050 dscn0199

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

«Нитро» – Кыргыз футбол союзунун жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын расмий демөөрчүсү

28-февралда Кыргыз футбол союзу, Кыргыз профессионалдык футбол лигасы жана «Абдыш-Ата» компаниясынын үч тараптуу демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу болуп өттү. Аталган келишимге КФСнин Президенти Канатбек Маматов, КПФЛ Президенти Дастанбек Конокбаев жана «Абдыш-Ата» компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Эльер Садыкахунов кол коюшту.

трехсторонка (1)

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов «Абдыш-Ата» компаниясы көп жылдан бери өлкөбүздөгү футболго көмөк көрсөтүп келерин белгилеп, компаниянын негиздөөчүсү Советбек Сакебаевге ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз футболу «Абдыш-Ата» компаниясыз элестетүүгө болбойт. Анткени аталган компания кыргыз футболун ар дайым колдоп келет. Кыргызстанда футболго көңүл кош карабаган, футболду өнүктүрүү жана колдоо канчалык маанилүү экендигин, анын биздин балдарга жана күйөрмандарга болгон маансин түшүнгөн компаниялар бар экендиги кубандырат»,- деди Канатбек Маматов.

«Абдыш-Ата» биздин эзелтеден бери колдоп жаткан өнөктөшүбүз. Аталган клуб өлкө чемпионатында ар дайым алдыңкы орундарга күрөшүп келет жана клубдун академиясы ийгиликтүү иш алып барып келет. «Абдыш-Атанын» соода маркасы Кыргыз Республикасынан чет өлкөлөргө чыгып келген, футбол башка рынокторго чыгуу үчүн көпүрө боло алат. Чогуу ынтымакта иштешсек биздин кадамдарыбыз натыйжалуу болот» -деп белгиледи КПФЛ Президенти Дастанбек Конокбаев.

«Биз «Нитро» соода маркасы катары Премьер Лиганын жана улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү катары келишимге кол койдук. «Нитро» – алгачкы жергиликтүү энергетикалык суусундук. Биз Кыргыз футбол союзуна «Абдыш-Ата» компаниясы жана клуб менен тыгыз иштшип келе жаткандыгына ыраазыбыз»,- деди Эльер Садыкахунов.

трехсторонка (2)