Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    1234814_673937949312103_120693074_n img_0941 m13_03 img_0319 img_0021 img_0069

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

“Курманбек” стадиону алгачкы жолу эл аралык оюнду кабыл алат

Азия футбол конфедерациясы Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионун “Нефтчи” футбол клубунун АФК Кубогундагы тандап алуу оюндарын кабыл алган стадион катары бекитти.

Дал ушул стадиондо 5-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси “Нефтчи” АФК Кубогундагы тандап алуу оюнунда “Ахал” (Түркмөнстан) клубу менен кез келет. Аталган оюн бул стадион үчүн эл аралык беттешти алгачкы жолу кабыл алат.

Эки оюнда “Нефтчи” жеңишке жетише турган болсо, плей-офф баскычындагы оюндар “Курманбек” стадионунда өткөрүлөт.

АФК Кубогунун тандап алуу оюндары-2020:

5-февраль (шаршемби)

14:00 “Нефтчи” (Кыргызстан) – “Ахал” (Түркмөнстан)

“Курманбек” стадиону (Жалал-Абад шаары)

12-февраль (шайшемби)

15:00* “Ахал” (Түркмөнстан) – “Нефтчи” (Кыргызстан)

“Ашхабад” стадиону (Ашхабад шаары)

*16:00 Бишкек убактысы менен