





Sheraton Bishkek жана Кыргыз футбол союзу менен өнөктөштүк келишимге кол коюшту. Кызматташуу келишимге Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана «МГ Туризм» ЖЧКсынын аткаруучу директору Индже Уфук кол коюшту.
Индже Уфуктун айтымында, Sheraton мейманкалар тармагы өлкөдөгү футболду колдойт. Кызматташуу футбол сүйүүчүлөрүнө дүйнөлүк бренд болгон Sheraton мейманканасынын жогорку деңгээлдеги кызматтарын пайдаланууга ыңгайлуу болуусуна багытталган.