Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    dscn0043 m13_14 i9b0261 dscn0158 dscn0382 m08_31

    Календарь

    January 2022
    M T W T F S S
    « Mar    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

АФК Кубогу: “Нефтчи” тажикстандык “Худжандды” кабыл алат

Эртең, 19-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстандын вице-чемпиону “Худжандды” кабыл алат. Бул оюн “Нефтчи” үчүн АФК Кубогундагы алгачкы беттеши болуп эсептелинет, буга чейин “Ахал” клубу менен болгон беттеш болбой калган.

“Нефтчи”

eaf2082f-b55b-4f7c-9d36-1cd8cee30299

 

Кочкор-Атанын клубу “Ахал” менен 5-февралда беттеш өткөрмөк. Бирок, түркмөн клубу коронавирустун айынан оюнга келген эмес. Азия футбол конфедерациясы “Ахалды” мелдештен четтетип, “Нефтчи” автоматтык түрдө кийинки баскычка өткөн.

“Худжанд” менен болгон оюн эл аралык аренада 9 жыл аралыгында алгачкысы болуп эсептелинет. Оюн Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда өтөт. Аталган стадион үчүн дагы бул эл аралык маанидеги алгачкы оюн болуп саналат.

Сезонго даярдык:

“Нефтчи” жаңы сезонго даярдыкты Түркияга барып машыгуу сборун өткөрүп келди. Команда Европанын командалары менен 3 жолдоштук беттеш өткөрдү. Румыниянын “Киндия” жана Украинанын “Заря” клубдарына жеңилсе, Македониянын “Шкупи” командасы менен тең чыккан.

Трансферлер:

Жаңы сезондо “Нефтчи” курамын коргоочулар менен күчтөндүрдү. Алсак, “Алгадан” Кайрат Изаков, “Алайдан” Акрам Умаров жана “Кара-Балтадан” Кубанычбек Күрөңкеев командага жаңыдан кошулду. Ошондой эле ооганстандык чабуулчу Амируддин Шарифи командага келген. Ал эми Элхан Темирбаев жаңы сезондон тарта “Ала” клубунда ойнойт.

Команда курамы:

Дарбазачылар: Михаил Паюш (Молдова), Темирлан Апаз уулу
Коргоочулар: Акрам Умаров, Манас Карипов, Кубанычбек Күрөңкеев, Алмазбек Маликов, Кайрат Изаков, Азамат Абдуллаев (Өзбекстан), Тимур Мажидов
Жарым коргоочулар: Аброр Кыдыралиев, Азамат Омуралиев, Сыймык Аскарбек уулу, Арген Жуматаев, Эсенбек Үсөн уулу, Аброрбек Аскаров, Сахрух Аскаров, Олександр Игнатенко (Украина)
Чабуулчулар: Элдар Молдожунусов, Амируддин Шарифи (Ооганстан), Умидулло Иминов
Машыктыруучу: Нематжан Закиров

“Худжанд” 

86301351_2641520872743706_5656960043275255808_o

Тажикстандын вице-чемпиону “Худжанд” АФК Кубогунда бир далай тажрыйбага ээ. Өткөн жылы команда тайпалык раундга чейин жетип, “Дордой”, “Истиклол” жана “Алтын Асыр” командалары менен беттешкен. 2019-жылы Тажикстан чемпионатына 2-орунду багынткан. Курамда улуттук курама команданын оюнчусу Турсунали Рустамов оюн көрсөткөн.

Сезонго даярдык:

“Худжанд” жаңы сезонго даярдыкты өткөн жылы декабрь айында эле баштаган. Машыгуу сбору үч этапты түзүп, акыркы машыгуу Өзбекстанда өткөрүлгөн.

Жолдоштук беттештер:

“Худжанд” – “Исравшан” – 4:0

“Бухара” (Өзбекстан) – “Худжанд” – 2:1

“Локомотив” (Өзбекстан) – “Худжанд”  – 3:0

“Актепа” (Өзбекстан) – “Худжанд” – 1:2

Трансферлер:

Турсунали Рустамов бир сезон ойноп, “Дордой” командасына келди. Ошондой эле командадан Давронжон Эргашев, Давид Купатадзе, Дилшод Восиев, Сохибджон Хакимов, Дилшод Каримов, Муминджон Гадойбоев, Юрий Захаркин жана Ильсур Самигулин кетишкен.

Командага жаңы оюнчулар: Сухробхуджа Юсупов, Мухриддином Хасанов, Фатхулло Фатхуллоев, Андрей Сидоров (Өзбекстан), Сирож Хамроев (Өзбекстан), Мамур Икрамов, Шарафджон Солехов, Хуршед Бекназаров, Санжар Рихсибоев кошулган.

“Нефтчи” менен болгон оюнга курам: 

Дарбазачылар: Мамур Икрамов, Далерджон Баротов.
Коргоочулар: Манучехр Сафаров, Сирож Хамроев, Ойбек Абдугаффоров, Алишер Баротов, Манучехр Ахмедов, Парвиз Бокиев.
Жарым коргоочулар: Комрон Мирзонажод, Бахтиëр Чориев, Абдусамад Самадов, Парвизджон Алиев, Фатхулло Фатхуллоев, Санджар Рихсибоев, Шарафджон Солехов, Абдулмумин Забиров.
Чабуулчулар: Дилшод Бозоров, Андрей Сидоров.

Башкы машыктыруучу: Никола Лазаревич

АФК Кубогу-2020, Борбордук аймак

Плей-офф, биринчи оюн

19-февраль (шаршемби), башталышы: 14:00

“Нефтчи” (Кочкор-Ата, Кыргызстан) – “Худжанд” (Тажикстан)

Башкы калыс: Чае Санг-Хеоп (Түштүк Корея).

Ассистенттер: Канг Донгхо, Квак Сеунгсун  (Түштүк Корея).

Резервдик калыс: Ким Вусунг (Туштүк Корея).

Жалал-Абад шаары, «Курманбек» стадиону