Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    img_4826 img_5864 m02_09 dscn0017 i9b0402 img_5841

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

Кыргыз Премьер-лигасы уюмдук-укуктук формасын коомдук фонддон Ассоциация «Кыргыз профессионалдык футбол лигасы» юридикалык жактардын бирикмеси болуп өзгөрттү

Кыргыз Премьер-лигасы уюмдук-укуктук формасын коомдук фонддон Ассоциация «Кыргыз профессионалдык футбол лигасы» (мындан ары – КПФЛ) юридикалык жактардын бирикмеси болуп өзгөрттү. Мындай чечим 2020-жылдын 25-январында уюмдаштыруучулардын чогулушунда кабыл алынган.

КПФЛдин уюмдаштыруучулары катары Кыргыз Премьер-лигасынын футболдук клубдары эсептелинет, алар лиганын ишмердүүлүгүн жөнгө салып турат.

КПФЛди түзүүнүн башкы максаттары жана ишмердүүлүгү: 

1 — КПФЛдин мүчөлөрү болгон Кыргыз Республикасынын профессионалдык футболдук клубдарынын спорттук жана башка ишмердүүлүгүнүн өнүктүрүүгө кол кабыш кылуу;

2 — КПФЛдин мүчөлөрү болгон футболдук клубдар арасында мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү;

3 —Футболду өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу;

4 —Өлкөдөгү профессионалдык футбол жана клубдардын уюштуруу негиздеринин жакшыртуу;

5 — Эл аралык спорттук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө;

6 —КПФЛ мүчөлөрүнүн материалдык-техникалык базаларын өнүктүрүү;

7 —КПФЛ ишмердүүлүгүн багыттоо, мүчөлөргө өкүлчүлүк жана алардын кызыкчылыгын коргоо.

2020-жылдын 25-январында КПФЛ мүчөлөрүнүн чогулушунда Дастанбек Конокбаев Президент болуп шайланган. Ошондой эле Нурбек Атаканов вице-президент жана аткаруучу директор болуп Михаил Толкачев шайланган.

IMG_4228-min