Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    m02_05 img_0165 m23_28 m23_27 m13_27 dscn0070

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

«Кыргызстан коммерциялык банкы» – Кыргыз футбол союзунун расмий банкы

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «Кыргызстан коммерциялык банкы» менен демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу өттү. Анда КФСнин Президенти Канатбек Маматов жана «Кыргызстан коммерциялык банкынын» Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Жаркынбек Сагындыков келишимге кол коюшту.

АКБ (1)

Канатбек Маматов, КФСнин президенти:

– Биз бул келишимге кол койгонубузга абдан кубанып турабыз. Бүгүнкү күндө сиздердин банкыңар өлкөдөгү эң белгилүү жана туруктуу банкатардын бири болуп саналат. Биздин футболго салым кошуп жаткандыңыздарга ыраазыбыз. Жаш футболчуларды тарбиялоо, даярдоо, аларды окутуу абдан маанилүү. Сиздер менен бир канча жылдардан бери өнөктөш болуп келебиз, «Кыргызстан коммерциялык банкы» биз үчүн ишеничтүү демөөрчү жана бул биз үчүн жагымдуу жаңылык.

Жаркынбек Сагындыков, «Кыргызстан коммерциялык банкынын» Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары  :

– Биз спортко, жаштарга салым кошконубузга кубанычтабыз. Спорт бул дени сак жашоо, ден сак эл – өнүгүүгө болгон кадам. Сиздердин уюм менен 14 жылдан бери иштешип келебиз, иштешүүдөн бир гана жагымдуу маанай алып келе жатабыз. Биздин спортко кошкон болгон салымдарыбыз натыйжалуу болот деп ишенем. Биз мыкты оюндардын көп болуусун жана ири жеңиштер мол болсун деген ниеттебиз.

АКБ (2)