Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    img_0819 img_4860 img_5941 m29_29 dscn0258 dscn0045

    Календарь

    January 2022
    M T W T F S S
    « Mar    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

«Ош-ДЮСШ» футзал командасы «Гулистон-2020» эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду

Тажикстандын Гулистон шаарында футзал боюнча балдар-өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Ага 2005-2006-жылкы оюнчулар катышкан. Кыргызстандын атынан аталган турнирге Учкун Абдыжапаровдун машыктыруучулугу алдында «Ош-ДЮСШ» командасы катышты.

Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн 8 командасы катышып, алар эки тайпага бөлүнгөн. «Ош-ДЮСШ» чүчүкулактын жыйынтыгында Б тайпасына бөлүнүп, «Самарканд» (Өзбекстан), «Туркестан» (Казакстан) жана «Жастар» (Казакстан) командалары менен ойноду. Үч оюн тең Абдыжапаровдун командасынын пайдасына чечилип, жалпы голдордун эсеби 18:2 болду.

«Ош-ДЮСШ» жарым финалда «Эл аралык мектепти» (Тажикстан) 6:1 эсебинде утуп алды. Финалда «Самаркандды» 4:1 эсебинде жеңишти.

Жеке номинацияда турнирдин мыкты дарбазачысы наамын Курманбек Турсункулов алса, мелдештин мыкты оюнчусу наамына Айдар Максатбеков татыды.

ddd12042-525c-40b6-a97d-1401b5359147 e215298c-6f22-4970-97bf-86a9e7d3b603

 «Ош-ДЮСШ» (Кыргызстан) «Гулистон-2020» турниринде:

1-тур, 21-февраль (жума)

«Туркестан» (Казакстан) – «ДЮСШ-Ош» (Кыргызстан)  – 2:6

2-тур,  22-февраль (ишемби)

«ДЮСШ-Ош» (Кыргызстан)  – «Самарканд» (Өзбекстан) – 4:0

3-тур, 23-февраль (жекшемби)

«Жастар» (Казакстан) – «ДЮСШ-Ош» (Кыргызстан) – 0:8

Жарым финал, 24-февраль (дүйшөмбү)

«ДЮСШ-Ош» (Кыргызстан) – «Эл аралык мектеп» (Тажикстан) – 6:1

Финал, 24-февраль (дүйшөмбү)

«ДЮСШ-Ош» (Кыргызстан) – «Самарканд» (Өзбекстан) – 4:1

32cf1c2a-ebb2-4389-8872-ea04e595d7dc