Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    dscn0062 img-20140228-wa0009-300x168 dscn0284 dscn0141 m23_32 img_0506

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

«Каганат Инвест» – Кыргыз футбол союзунун башкы демөөрчүсү

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз футбол союзу менен Каганат Инвест ЖЧКсы кызматташуу келишимге коюу аземи болуп өттү. Келишимге Кыргыз футбол союзунун Президенти Канатбек Маматов жана “Каганат Инвест” компаниясынын башкы директору Нурбек Осмонов кол коюп, “Каганат Инвест” Кыргыз футбол союзунун башкы демөөрчүсү болду.

IMG_5093-я

Канатбек Маматов аталган компанияынын Кыргызстандын футболун колдоп жатканына ыраазычылыгын билдирди. “Бүгүнкү күндө өлкөбүздө футболду колдоп жаткан компаниялар саналуу гана. Андыктан, футболубузга өз салымын кошуп, колдоп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз. Футбол бул – дени сак жашоо, демек, коомубуздун спортко болгон кызыгуусу күчөйт. Ошондой эле жаш футболчуларыбызды өстүрүп, профессионал спортчуларга шарт түзүп берүүгө кол кабыш кылып жаткандыңыздарга ыраазычылык билдирем.” – деди Канатбек Маматов.

“Каганат Инвест” компаниясына ийгилик каалоо менен бирге быйыл заманбап машина куруу заводун жана текстиль фабрикасын ачып, бир канча миң жумуш орундарын түзүүсүн белгилеп Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жаткандыгын айтып кетти. Өлкөнүн экономикасы канчалык өнүксө, спорт дагы алга кадамдарын таштайт.

“Каганат Инвест” компаниясы “Каганат” профессионалдык клубун негиздеп, быйылкы жаңы футболдук сезондо Премьер-Лигага катышуу укугун алды. Жаңы футболдук сезондо жалпы 9 команда катышып, атаандаштыкты күчөтүү менен кызыгууну арттырат.

Ошондой эле “Каганат Инвест” Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын жаш футболчуларын окутуп-өстүрүүгө, аларга шарттарды түзүү максатында толук каржылоо милдеттемесин алышты.

IMG_5116-я

“Акыркы кездердеги Кыргызстандын футболунун бутунан туруп келе жатканын бардыгын көрүп, байкап жатабыз. Дүйнөдөгү № 1 спорт болгон футболго өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Буга чейин 2019-жылы “Кагант Инвест” холдингине кирген “Ихлас” компаниясы Футбол федерациясынын башкы демөөрчүсү болуп, каржылык жагынан көмөк көрсөтүп келген. Өлкөбүздөгү талантуу футболчуларды тарбиялап, улуттук курама командага салым кошо турган спортчуларды өстүрүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле жаңы түптөлгөн “Каганат” футбол клубу Премьер-Лигада татыктуу күрөш жүргүзө алат деп ишенем” – деди өз сөзүндө “Каганат Инвест” компаниясынын башкы директору Нурбек Осмонов.

IMG_5127-я IMG_5142-я