Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    dscn0017 dscn1145 dscn0409 m29_06 dscn0119 1148996_673937989312099_1647549300_n

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

«АККА» компаниялар группасы» – Кыргыз футбол союзунун расмий демөөрчүсү

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «АККА» компаниялар группасы» жабык акционердик коому менен демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу болуп өттү. Аталган келишимге КФСнин Президенти Канатбек Маматов жана «АККА» компаниялар группасы» ЖАКынын башкармалыгынын төрагасы Алымбек Бактыбеков менен кол коюшту.

Канатбек Маматов, КФСнин президенти:

– Кыргыз футболу менен сиздердин компания бир канча жылдардан бери иштешип келишет. №1 спорт болуп келген футболду өлкөбүздө өнүктүрүүгө өз салымыңарды жана колдооңорду көргөзүп келе жаткандарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Футбол көп каражатты талап кылат, мындан тышкары, күч да керек. «АККА» компаниялар группасы» биздин ишенимдүү өнөктөш болгону бизди кубантат. Биздин чогуу иштешүүбүз эки тарапка тең натыйжалуу болот деп ишенем. Сиздердин “Илбирстин” академиясын карамагыңызга алганыңыздар Кыргыз футболуна оң жагынан таасир берет. Келечекте мыкты футболчуларды өстүрүп чыгып, улуттук курама командага ойноп беришет деген ишеничтемин. Биздин иштешүүбүз жемиштүү жана натыйжалуу болсун.

Алымбек Бактыбеков, «АККА» компаниялар группасы» ЖАКынын башкармалыгынын төрагасы:

-«АККА» компаниялар группасынын» атынан спорттук гана эмес, социалдык багыттарда алгылыктуу иш алып баргандыңыздар үчүн Кыргыз футбол союзунун бардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем. Биздин компания кыргыз футболуна абдан күйгөн күйөрмандары, андыктан биздин иштешүүбүз уланып жаткандыгы кубандырат.

30a91406-b12d-4228-9070-8fd5b2b8935a 9fec01d1-6c8a-4d02-9070-67a5712867ca