Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    m29_30 m23_25 dscn0014 m08_05 img-20140228-wa0003-300x168 dscn0334_0

    Календарь

    October 2021
    M T W T F S S
    « Mar    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

«Фрунзе» – Кыргыз футбол союзунун расмий гипермаркети

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «Фрунзе» гипермаркетинин демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу өттү. Анда Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана «Фрунзе» гипермаркетинин башкы директору Бакытбек Аматов келишимге кол коюшту.

Канатбек Маматов «Фрунзе» гипермаркети менен иштешүү бир канча жылдардан бери болуп келе жатканын жана кызматташуу эки тарапка тең жемиштүү болуп жатканын белгиледи. «Сиздердин компания бүгүнкү күндө ийгиликтүү жана өлкөнүн ар кайсы аймагында тармактарын өнүктүрүп жатат. «Фрунзе» гипермаркети менен келишимге кол койгонубузга кубанып турабыз. Сиздер кыргыз футболун колдоп, муну менен чоң жеңиштерге жетүүгө жана жаш футболчуларды өстүрүүгө көмөк көрсөтүп жатасыздар» – деди ал.

«Фрунзе» гипермаркети кыргыз футболун активдүү колдоп, Кыргызстан курама командасына ар дайым күйөрмандык кылып келет. Жыл сайын өзүбүздүн компаниябызда ички чемпионаттарды уюштуруп келебиз. Бул өзүбүздүн футболду жайылтууга болгон салымыбыз деп эсептейм. Кыргыз футбол союзу менен кызматташуу биз үчүн кубанычтуу» – деди Бакытбек Аматов.

Фрунзе (2)  Фрунзе (1)