Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    img_0227 m02_25 dscn1128 img_0165 dscn0334_0 10009827_673937702645461_627019027_n

    Календарь

    January 2022
    M T W T F S S
    « Mar    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

АФК Кубогундагы алгачкы кадам: “Нефтчи” – “Ахал”

5-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Түркмөнстандын “Ахал” клубун кабыл алат. Бул оюн “Нефтчи” үчүн АФК Кубогундагы алгачкы беттеши болуп эсептелинет.

“Нефтчи”

eaf2082f-b55b-4f7c-9d36-1cd8cee30299

Аталган беттеш Нематжан Закировдун шакирттери үчүн алгачкы эл аралык беттеш эмес. 2011-жылы Александр Крестининдин машыктыруучулугу алдында АФК Президентинин Кубогуна катышкан. Анда Мьянма жана Камбоджанын командаларын жеңип, жарым финалга чейин жете алган. Ал баскычта “Пномпень Краун” командасына жеңишти тарттырып жиберген.

9 жылдан соң “Нефтчи” эл аралык беттеште оюн көрсөтөт. Эми өз күйөрмандарынын алдында ойноого мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Нефтчи” – “Ахал” беттеши Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өтөт. Аталган стадион үчүн дагы бул эл аралык маанидеги алгачкы оюн болуп саналат.


Сезонго даярдык:

“Нефтчи” жаңы сезонго даярдыкты Түркияга барып машыгуу сборун өткөрүп келди. Команда Европанын командалары менен 3 жолдоштук беттеш өткөрдү. Румыниянын “Киндия” жана Украинанын “Заря” клубдарына жеңилсе, Македониянын “Шкупи” командасы менен тең чыккан.

Трансферлер:

Жаңы сезондо “Нефтчи” курамын коргоочулар менен күчтөндүрдү. Алсак, “Алгадан” Кайрат Изаков, “Алайдан” Акрам Умаров жана “Кара-Балтадан” Кубанычбек Күрөңкеев командага жаңыдан кошулду. Ошондой эле ооганстандык чабуулчу Амируддин Шарифи командага келген. Ал эми Элхан Темирбаев жаңы сезондон тарта “Ала” клубунда ойнойт.

Команда курамы:

Дарбазачылар: Михаил Паюш (Молдова), Темирлан Апаз уулу
Коргоочулар: Акрам Умаров, Манас Карипов, Кубанычбек Күрөңкеев, Алмазбек Маликов, Кайрат Изаков, Азамат Абдуллаев (Өзбекстан), Тимур Мажидов
Жарым коргоочулар: Аброр Кыдыралиев, Азамат Омуралиев, Сыймык Аскарбек уулу, Арген Жуматаев, Эсенбек Үсөн уулу, Аброрбек Аскаров, Сахрух Аскаров, Олександр Игнатенко (Украина)
Чабуулчулар: Элдар Молдожунусов, Амируддин Шарифи (Ооганстан), Умидулло Иминов
Машыктыруучу: Нематжан Закиров

“Ахал”

85e173ef929666476e495cf7cca6e595

Түркмөнстандын вице-чемпиону “Ахал” АФК Кубогунда өз тарыхында үчүнчү жолу ойнойт. Алгачкы жолу “Ахал” 2015-жылы ойноп, “Дордойду” тандап алуу беттешинде жеңип алган. Ал жылы команда тайпалык баскычка чыга алган. 2019-жылы “Ахал” Тажикстандын “Худжанд” командасына жеңилип калган.

Сезонго даярдык:

2019-жылдын сентябрь айында “Ахалга” Аманклыч Кочумов башкы машыктыруучу болуп дайындалган. Команда Түркмөнстан чемпионатында 2-орунду ээлей алган. Ушул жылдын январь айында машыктыруучу алмашып, “Ахалга” 42 жаштагы Ходжаахмед Аразов дайындалган.
Түркмөн командасы январь аында Түркияда машыгуу сборун өткөрүп келген. Жолдоштук беттештердин жыйынтыгы:
“Ахал” – “Иртыш” (Казакстан) – 1:3
“Ахал” – “Кызыл-Жар” (Казакстан) – 1:0
“Ахал” – “Струга” (Македония) – 2:0
“Ахал” – “Навбахор” (Өзбекстан) – 0:1

Трансферлер:

“Ахалга” жаңы сезондо “Алтын Асырдын” чабуулчусу Мурад Якшиев жана “Мерва” клубунан Илья Тамуркин кошулган.

Команда курамы:

Дарбазачылар: Батыр Бабаев, Овезмурад Овезмурадов
Коргоочулар: Гуйчмурад Аннагулыев, Гурбангулы Аширов, Абды Бяшимов, Сердар Аннаоразов, Мурад Хамраев, Азади Аннадурдыев, Хошгельды Ходжовов, Сохбет Аллануров
Жарым коргоочулар: Амир Гурбани, Эльман Тагаев, Ихлас Сапармаммедов, Гурбан Аннаев, Гуванч Абылов, Артур Геворкян, Сердар Тукиев, Илья Тамуркин, Довран Оразалиев,
Чабуулчулар: Мурад Якшиев, Пирмурад Султанов.
Машыктыруучу: Ходжаахмед Аразов

АФК Кубогунун тандап алуу оюндары

“Нефтчи” – “Ахал”
5-февраль (шаршемби), Жалал-Абад шаары
«Курманбек» стадиону
Башталышы: 14:00⠀

Жооптук беттеш 12-февралда Түркмөнстанда өтөт.