Архив новостей: Клубы

Ала-Тоо Кубогу: Кыргызстан курама командасы (U-17) жана “Абдыш-Ата” финалга чыгышты

Кант шаарындагы “Спорт-Сити” спорт комплексинде Ала-Тоо Кубогунун жарым финалдык беттештери өтту. Анын жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы (U-17) менен “Абдыш-Ата” финалга жолдомону камсыз кылышты. 4-марттагы оюндар жыйынтыгы: Бостери – Наше – 2:5 Голдор: Абдыкадыров Мирбек (24, 73) – Джолдошбеков Атай (28, 44), Казакбаев Владимир (31), Малинин Евгений (36), Молондаров Замир (54) Илбирс – Кара-Балта – 3:1 Голдор: Урматбеков […]

Ала-Тоо Кубогу-2020: 2-турдун жыйынтыгы

Ала-Тоо Кубогунда 2-турдук беттештер болуп өттү. 2-тур жыйынтыгы: 2-март (дүйшөмбү) КР U-17- Илбирс – 1:0 Гол: Мурзахматов Марлен (69) Алга – Наше – 1:0 Гол: Шаршеев Санжар (54) Бостери – Абдыш-Ата – 0:3 Голдор: Латышев Иван (17), Сматов Алмаз (24), Алыгулов Максат (64) Рузаевка – Кара-Балта – 2:2 Голдор: Мамеков Михаил (30), Пофенгут Иосиф (66) […]

11-мартта Кыргызстан чемпиону «Дордой» АФК Кубогунда старт алат

11-мартта Кыргызстан чемпиону «Дордой» АФК Кубогунда старт алат. «Дордой» D тайпасында Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» (Ашхабад), Тажикстан чемпиону «Истиклол» жана  Тажикстандын вице-чемпиону «Худжанд» менен ойнойт. Алгачкы оюн «Алтын Асыр» менен «Дордой» турнирде алгачкы оюн Бишкекте “Алтын Асыр” менен ойнойт. Беттеш 11-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы – 20:00. 2017-жылы жана 2019-жылдары командалар мелдештин ушул стадиясында беттешкен. Бишкекте өткөн […]

Шоро Премьер Лигасынын жаңы сезонунун регламенти жана катыша турган командалар бекитилди

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз футбол союзунун Аткаруучу комитетинин кезексиз өткөрүлгөн жыйынында Шоро Премьер Лигасынын жаңы сезонунда катыша турган командалар бекитилди. Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезонунда 9 команда катышат. Алар: “Дордой”, “Алай”, “Алга”, “Нефтчи”, “Абдыш-Ата”, “Илбирс”, “Кара-Балта”, “Лидер” жана “Каганат”. Ошондой эле жыйында чемпионаттын регламенти бекитилип, эки этапта өтө турган болду. Биринчи этапта 9 команда […]

АФК Кубогу: “Худжанд” – “Нефтчи” беттешин Иорданиянын калыстары тейлешет

АФК Кубогунун плей-офф баскычынын “Худжанд” менен “Нефтчи” командаларынын жооптук беттешин Иорданиянын калыстары тейлейт. Оюн 26-февралда Дүйшөмбү шаарынын Борбордук республикалык стадионунда өтөт. Башкы калыс болуп Ахмед Файсал Мохаммад Аль-Али, ага Махмуд Тхахер Мохаммад Абу-Тхахер жана Абед Аль-Рохман Наджи Мохамд Акел жардам беришет . Резервдик арбитр болуп Мохаммад Хасан Махмуд Арафа дайындалды. Биринчи оюнда Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. […]

«Илбирс» – 2020-жылкы Кышкы биринчиликтин жеңүүчүсү

22-февралда Бишкек жана Кантта 2020-жылдын биринчи футболдук турнири жыйынтыкталды. Мелдештин жеңүүчүсү болуп “Илбирс” командасы аталды. Мелдешти жеңүү үчүн шаардык командага акыркы турдук оюнда “Нитрону” утуп, “Абдыш-Атанын” экинчи командасы Ысык-Көлдүн командасына жеңилбеши керек эле.  Дал ошондой болду: “Илбирс” “Нитрону” 8:0 эсебинде утса, “Абдыш-Ата” “Бостери” менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Үчүнчү оюнда “Чемпион” бир гол артыкчылыгында “Кара-Балтаны” […]

Кыргыз Премьер-лигасы уюмдук-укуктук формасын коомдук фонддон Ассоциация «Кыргыз профессионалдык футбол лигасы» юридикалык жактардын бирикмеси болуп өзгөрттү

Кыргыз Премьер-лигасы уюмдук-укуктук формасын коомдук фонддон Ассоциация «Кыргыз профессионалдык футбол лигасы» (мындан ары – КПФЛ) юридикалык жактардын бирикмеси болуп өзгөрттү. Мындай чечим 2020-жылдын 25-январында уюмдаштыруучулардын чогулушунда кабыл алынган. КПФЛдин уюмдаштыруучулары катары Кыргыз Премьер-лигасынын футболдук клубдары эсептелинет, алар лиганын ишмердүүлүгүн жөнгө салып турат. КПФЛди түзүүнүн башкы максаттары жана ишмердүүлүгү:  1 — КПФЛдин мүчөлөрү болгон Кыргыз Республикасынын […]

АФК Кубогу: “Нефтчи” тажикстандык “Худжандды” кабыл алат

Эртең, 19-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстандын вице-чемпиону “Худжандды” кабыл алат. Бул оюн “Нефтчи” үчүн АФК Кубогундагы алгачкы беттеши болуп эсептелинет, буга чейин “Ахал” клубу менен болгон беттеш болбой калган. “Нефтчи”   Кочкор-Атанын клубу “Ахал” менен 5-февралда беттеш өткөрмөк. Бирок, түркмөн клубу коронавирустун айынан оюнга келген эмес. […]

АФК Кубогунун плей-офф баскычындагы “Нефтчи” – “Худжанд” беттешин Түштүк Кореянын калыстары тейлешет

АФК Кубогунун плей-офф баскычындагы “Нефтчи” – “Худжанд” беттешинин расмий өкүлдөрү белгилүү болду. Оюнду Түштүк Кореянын калыстары тейлешет. Башкы калыс катары Chae Sang-Hyeop дайындалды, ассистенттер Kang Dongho жана Kwak Seungsoon,  резервдик калыс Kim Woosung. Алгачкы оюн 19-февралда Жалал-Абад шаарында өтөт. Башталышы саат 14:00дө. Жооптук беттеш 26-февралда Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында болот. АФК Кубогунун плей-оффтук беттеши Биринчи оюн, 19-февраль […]

АФК Кубогу-2020: “Нефтчи” плей-офф баскычына автоматтык түрдө өттү

Түркмөнстандын “Ахал” клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагында белгиленген беттешке келбей койгондугуна байланыштуу Азия футбол конфедерациясы регламентке ылайык аталган команда турнирден четтетилди.  Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу мелдештин плей-офф баскычына автоматтык түрдө өтүп, тайпалык баскычка чыгуу үчүн “Худжанд” (Тажикстан) менен ойнойт. Биринчи беттеш 19-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өтөт. Жооптук беттеш 26-февралда белгиленген.    

“Курманбек” стадиону алгачкы жолу эл аралык оюнду кабыл алат

Азия футбол конфедерациясы Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионун “Нефтчи” футбол клубунун АФК Кубогундагы тандап алуу оюндарын кабыл алган стадион катары бекитти. Дал ушул стадиондо 5-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси “Нефтчи” АФК Кубогундагы тандап алуу оюнунда “Ахал” (Түркмөнстан) клубу менен кез келет. Аталган оюн бул стадион үчүн эл аралык беттешти алгачкы жолу кабыл алат. Эки оюнда “Нефтчи” жеңишке […]