Архив новостей: События

АФК Кубогу: “Нефтчи” тажикстандык “Худжандды” кабыл алат

Эртең, 19-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Тажикстандын вице-чемпиону “Худжандды” кабыл алат. Бул оюн “Нефтчи” үчүн АФК Кубогундагы алгачкы беттеши болуп эсептелинет, буга чейин “Ахал” клубу менен болгон беттеш болбой калган. “Нефтчи”   Кочкор-Атанын клубу “Ахал” менен 5-февралда беттеш өткөрмөк. Бирок, түркмөн клубу коронавирустун айынан оюнга келген эмес. […]

Бишкекте «Заманбап машыктыруучу» долбоорунун биринчи модулу жыйынтыкталды

Өлкө боюнча таланттуу машыктыруучулар тандалган “Заманбап машыктыруучу” долбоорунун биринчи модулу аяктады. Анда жалпы 30 машыктыруучу катышууда. Программа 6 модулдан туруп, 2 жылга ылайыкталган. Окуунун алкагында машыктыруучулар заманбап футбол боюнча ар кыл темаларды өтүп, англис тилин да окуп жатышат. Программанын соңунда машыктыруучулар футбол клубдарын машыктырууга керектүү билим алышат.

АФК Кубогунун плей-офф баскычындагы “Нефтчи” – “Худжанд” беттешин Түштүк Кореянын калыстары тейлешет

АФК Кубогунун плей-офф баскычындагы “Нефтчи” – “Худжанд” беттешинин расмий өкүлдөрү белгилүү болду. Оюнду Түштүк Кореянын калыстары тейлешет. Башкы калыс катары Chae Sang-Hyeop дайындалды, ассистенттер Kang Dongho жана Kwak Seungsoon,  резервдик калыс Kim Woosung. Алгачкы оюн 19-февралда Жалал-Абад шаарында өтөт. Башталышы саат 14:00дө. Жооптук беттеш 26-февралда Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында болот. АФК Кубогунун плей-оффтук беттеши Биринчи оюн, 19-февраль […]