Monthly Archives: October 2014

“Ала-Тоо Кубогу-2020″: Сезон алдындагы турнир старт алат

1-мартта Кантта салтка айланган сезон алдындагы эл аралык турнир старт алат. Турнирге 8 команда катышат, алар 2 тайпага бөлүнгөн:  «А» тайпасы  «Б» тайпасы 1 Абдыш-Ата 1 Алга 2 Кара-Балта 2 Илбирс 3 Бостери 3 Наше 4 Рузаевка (Казакстан) 4  КР U-17 курамы Оюндар 1-5-март аралыгында өтөт.  “Ала-Тоо Кубогунун” жүгүртмөсү: 1-март (жекшемби) 10:00   Алга – КР U-17 […]

«Нитро» – Кыргыз футбол союзунун жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын расмий демөөрчүсү

28-февралда Кыргыз футбол союзу, Кыргыз профессионалдык футбол лигасы жана «Абдыш-Ата» компаниясынын үч тараптуу демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу болуп өттү. Аталган келишимге КФСнин Президенти Канатбек Маматов, КПФЛ Президенти Дастанбек Конокбаев жана «Абдыш-Ата» компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Эльер Садыкахунов кол коюшту. Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов «Абдыш-Ата» компаниясы көп жылдан бери өлкөбүздөгү футболго көмөк көрсөтүп келерин белгилеп, компаниянын […]

«АККА» компаниялар группасы» – Кыргыз футбол союзунун расмий демөөрчүсү

28-февралда Кыргыз футбол союзу менен «АККА» компаниялар группасы» жабык акционердик коому менен демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу болуп өттү. Аталган келишимге КФСнин Президенти Канатбек Маматов жана «АККА» компаниялар группасы» ЖАКынын башкармалыгынын төрагасы Алымбек Бактыбеков менен кол коюшту. Канатбек Маматов, КФСнин президенти: – Кыргыз футболу менен сиздердин компания бир канча жылдардан бери иштешип келишет. №1 спорт болуп келген футболду өлкөбүздө […]

Шоро Премьер Лигасынын жаңы сезонунун регламенти жана катыша турган командалар бекитилди

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз футбол союзунун Аткаруучу комитетинин кезексиз өткөрүлгөн жыйынында Шоро Премьер Лигасынын жаңы сезонунда катыша турган командалар бекитилди. Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезонунда 9 команда катышат. Алар: “Дордой”, “Алай”, “Алга”, “Нефтчи”, “Абдыш-Ата”, “Илбирс”, “Кара-Балта”, “Лидер” жана “Каганат”. Ошондой эле жыйында чемпионаттын регламенти бекитилип, эки этапта өтө турган болду. Биринчи этапта 9 команда […]

АФК Кубогу: Борбор Азия аймагынын тайпалык этабындагы командалар белгилүү болду

26-февралда АФК Кубогунун Борбор Азия аймагынын тайпалык этабындагы командалар белгилүү болду. Дүйшөмбү шаарында “Худжанд” “Нефтчини” жеңип, тайпалык этапка өтө алды. D тайпасында Кыргызстан чемпиону “Дордой”, Түркмөнстан жана Тажикстан чемпиондору “Алтын Асыр” менен “Истиклол” ойнойт. Аларга Тажикстандын вице-чемпиону “Худжанд” кошулат. Тайпалык беттештер 11-мартта старт алат. Анда “Дордой” Бишкекте “Алтын Асырды” кабыл алат.

Бүгүн АФК Кубогунун алкагында “Худжанд” – “Нефтчи” беттеши өтөт

Бүгүн, 26-февралда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) АФК Кубогунун алкагында “Худжанд” менен “Нефтчи” командасы беттешет. Биринчи оюнда Кочкор-Атанын командасы 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Аталган этаптын жеңүүчүсү АФК Кубогунун тайпалык раундуна өтөт. Оюн алдында эки команданын башкы машыктыруучулары жана футболчулар Андрей Сидоров менен Алмаз Маликов журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Нематжан Закиров, “Нефтчинин” башкы машыктыруучусу: – Биз биринчи оюнда […]

Кыргызстан жаштар курама командасынын оюнчусу Эмир Шигайбаев Беларустун Жогорку лигасында ойнойт

Кыргызстандын жаштар курама командасынын футболчусу Эмир Шигайбаев Беларустун Жогорку лигасында ойнойт. Ал “Неман” клубу менен 2022-жылдын аягына чейин келишимге кол койду. Жарым коргоочу “Абдыш-Атанын” тарбиялануучусу, Кыргыз Премьер-Лигасында “Кара-Балтага” ойногон. Шигайбаев бир жылдан ашык түркиялык “Антальяспордо” ойноп келген. Кыргызстандын өспүрүм жана жаштар курама командасында 12 жашынан бери ойноп келет. Буга чейин “Неманда” Гүлжигит Алыкулов ойноп келген, […]

«Ош-ДЮСШ» футзал командасы «Гулистон-2020» эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду

Тажикстандын Гулистон шаарында футзал боюнча балдар-өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Ага 2005-2006-жылкы оюнчулар катышкан. Кыргызстандын атынан аталган турнирге Учкун Абдыжапаровдун машыктыруучулугу алдында «Ош-ДЮСШ» командасы катышты. Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн 8 командасы катышып, алар эки тайпага бөлүнгөн. «Ош-ДЮСШ» чүчүкулактын жыйынтыгында Б тайпасына бөлүнүп, «Самарканд» (Өзбекстан), «Туркестан» (Казакстан) жана «Жастар» (Казакстан) командалары менен ойноду. Үч оюн тең Абдыжапаровдун […]

Кыргызстан кум үстүндөгү футбол боюнча Евразиялык лиганын этабын (EALB) кабыл алат

Казакстандын футбол федерациясынын штаб-квартирасында кум үстүндөгү футбол боюнча Евразиялык лиганын (EALB) катышуучуларынын кеңеши өттү. Евразиялык лигага Орусия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын командалары катышып келген. Кыргызстандын билдирмесин футзал жана кум үстүндөгү футбол боюнча техникалык директору Амиржан Муканов жана Кум үстүндөгү футбол федерациясынын президенти Нурлан Акысбеков беришти. Эми лиганын 5-сезонунда катышуучулардын географиясы кеңейип, Кыргыз Республикасы кошулду. Быйылкы жылы EALB этаптары […]

«D» сертификатына машыктыруучулук курстар өттү

  10-14-февраль күндөрү Ош шаарындагы Асыл Момунов атындагы академиясында Кыргыз футбол союзунун «D» сертификатына машыктыруучулук курстарынын биринчи модулу өттү. Курстун инстурктору КФСнин машыктыруучуларды окутуу боюнча менеджери Мирлан Эшенов болду. Курстун алкагында теориялык лекция жана практикалык окуулар өтүп, анын соңунда аттестациялык экзамен өтөт. Экзамен эки этаптан турат: практикалык жана теориялык. Экзаменди ийгиликтүү тапшырган катышуучулар Кыргыз футбол […]

АФК Кубогу: “Худжанд” – “Нефтчи” беттешин Иорданиянын калыстары тейлешет

АФК Кубогунун плей-офф баскычынын “Худжанд” менен “Нефтчи” командаларынын жооптук беттешин Иорданиянын калыстары тейлейт. Оюн 26-февралда Дүйшөмбү шаарынын Борбордук республикалык стадионунда өтөт. Башкы калыс болуп Ахмед Файсал Мохаммад Аль-Али, ага Махмуд Тхахер Мохаммад Абу-Тхахер жана Абед Аль-Рохман Наджи Мохамд Акел жардам беришет . Резервдик арбитр болуп Мохаммад Хасан Махмуд Арафа дайындалды. Биринчи оюнда Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. […]

Кыргыз Республикасынын футзал боюнча чемпионаты «Суперлиганын» 23-28-турларынын (3-4-айлампа) жүгүртмөсү

28-29-февраль күндөрү футзал боюнча Кыргызстан чемпионаты тыныгуудан кийин уланат. 3-4- айлампанын жүгүртмөсү назарыңыздарда. Оюндардын убактысы жана боло турган жери тууралуу кийин маалымат берилет. Бардык маалыматтар Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясынын Инстаграм @futsal_kgz жана Фейсбук баракчаларында https://www.facebook.com/futsalassociationKR/. 12-тур 28.02.2020 FC «EREM» – МФК «Намыс» Ош шаары 28.02.2020 ФК «Бакубат-Талас» – МФК «Спартак Бишкек» Талас 29.02.2020 ФК «Сары-Ой» – МФК […]