Daily Archives: 28.10.2014

CAFA U-19 GIRL’S FUTSAL 2020: Мелдеш жыйынтыгы

19 жашка чейинки футзал боюнча Кыргызстан курама командасы  Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA U19 GIRL’S FUTSAL мелдешинде 4-орунду алды. Мелдештин акыркы оюнунда Келкел Анарбековдун насаатчылык астындагы команда турнирдин жеңүүчүсү Иранга 0:2 эсебинде жеңилди.  Күмүш медалдарды Өзбекстан командасы алды. Үчүнчү орунду Түркмөнстан курама командасы ээледи. Аталган турнир Борбор Азия футбол уюмунун эгидасы алкагында футзал боюнча алгачкы мелдеш болду. […]

Футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-19) Казакстандын чемпионатына катышууда

28-январдан тарта Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы (U-19) Андрей Пестряковдун машыктыруучулук алдында Казакстандын чемпиондугуна катышуу үчүн Алматы шаарына учуп кетишти. Турнир «Кайрат» спорт комплексинде өтүп, 1-февралга чейин созулат. Турнир 29-январда башталып, биринчи күнү Кыргызстан «Актөбө» командасын 5:0 эсебинде утуп алды. Бул мелдеште 2001-2002-жылы туулган футболчуларга кароо өткөрүү жана техника-тактикалык учурларды өздөштүрүү негизги максаттардын бири болуп саналат. […]

Ардагер Лигасынын командаларынын өкүлдөрүнүн эсине

4-февраль күнү (шейшемби) Кыргыз футбол союзунун (мурунку ФФКР) концеренц-залында саат 12:00дө Ардагерлер чемпионатынын катышуучуларынын жалпы чогулушу өтөт. Катышуучу командалардын өкүлдөрү сөзсүз келиши шарт.