Федерация Футбола Кыргызской Республики

Категории

  • No categories

    Поиск

    Фотогалерея

    img_2443 img_2583 dscn1128 img_0024 dscn0246 dscn0020

    Календарь

    February 2019
    M T W T F S S
    « Jan    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728  

    Партнёры

    _MG_6085-10 September 2018 (1)
    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    legenda-logo-partner
    бай тушум
    Газпром
    logo_1 (3)
    sputnik_logo
    Европа
    logo-fanat
    tez-logo
    avisa-logo

(Кыр) Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучуларын жана оюнчуларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

DOS_0021 DOS_0022 DOS_0028 DOS_0029 DOS_0036DOS_0001

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Султанов Семетей Алымбаевич «Даңк» медалы менен, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Крестинин Александр Сергеевич «Данакер» ордени менен жана Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Салымбеков Аскар Мааткабылович III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты.

DOS_0111 DOS_0170 DOS_0236

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Байматов Азамат Асилбекович, Кашуба Валерий Юрьевич, Кичин Валерий Сергеевич, Люкс Виталий Валентинович, Мурзаев Мирлан Абдраимович «Даңк» медалы менен сыйланышты.

DOS_0279 DOS_0329 DOS_0366 DOS_0426

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын врачы Исмаилов Нурбек Ирискуловичке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам ыйгарылды.

DOS_0455

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу Кудренко Игорь Николаевичке «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды.

DOS_0496

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бернхардт Эдгар Андреевич, Жыргалбек уулу Кайрат, Землянухин Антон Александрович, Исраилов Ахлидин Шукурович, Матяш Павел Викторович, Сидоренко Павел Валерьевич, Сыдыков Азиз Мухамедович, Тего Дениэл Нии Армах Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

DOS_0515 DOS_0549 DOS_0561 DOS_0591 DOS_0639 DOS_0664

Команданын башка мүчөлөрү Абдурахманов Одилжон Алишерович, Акаев Эржигит Суеркулович, Акималиев Калысбек Акималиевич, Акматов Айзар, Алыкулов Азамат Джумабекович, Асан уулу Айткожо, Ахмедов Муролимжон, Бабынин Игорь Робертович, Батырканов Эрнист Муратович, Гуреев Дмитрий Юрьевич, Джалилов Закир Диляверович, Дуйшобеков Бахтыяр, Кадырбеков Кутман Кадырбекович, КозубаевТамирлан Омуралиевич, Майер Виктор Александрович, Мусабеков Фархат Мусабекович, Ракишев Канат Дженишбекович, Рустамов Турсунали Хаитмахаматович, Сагынбаев Бекжан Талантбекович, Сало Владимир Геннадьевич, Самсалиев Талант Авкалиевич, Синегубов Павел Андреевич, Фролов Евгений Александрович, Южанин Николай Николаевич, Юсупов Мустафа Гуруглиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

DOS_0682 DOS_0712 DOS_0743 DOS_0764 DOS_0791 DOS_0810 DOS_0833 DOS_0874 DOS_0886 DOS_0917 DOS_0936 DOS_0949 DOS_0979 DOS_1007 DOS_1031 DOS_1048 DOS_1070 DOS_1086 DOS_1112 DOS_1129 DOS_1146 DOS_1165 DOS_1181

Маалымат булагы: http://president.kg