Федерация Футбола Кыргызской Республики

Категории

  • No categories

(Кыр) Жаңы жылыңыздар менен!

Кыргыз футболунун тарыхында 2018-жыл чоң бийиктиктерди багындырган жыл болуп эсте калат. Бул жетишкендиктин аркасында жүздөгөн адамдардын талыкпас эмгеги жана миллиондогон футбол күйөрмандарынын колдоосу турат.
эмгек жана аракет өз жемишин берерине биз ачыктан ачык үлгү болуп турабыз.

Азия Чемпионатына алгачкы жолу чыгуубуздун артында эбегейсиз жоопкерчилик турат. Мыкты оюн көрсөтүү үчүн, Улуттук курама командабыз күчөтүлгөн тартипте машыгып, болгон иш-аракетин кылууда. Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясынын атынан футболчуларыбызга, машыктыруучулар мүчөлөрүнө жана даярданууга өз күчүн кошкондорго терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз силердин эмгегиңерди бийик баалайбыз. Балдарга болгон сыймыгыбызды жана ыраазычылыгымды билдирүүгө сөз жетишпей турат. Дагы айтчу нерсе, кандай жыйынтык болбосун, биз силерди колдоого даярбыз. Күч биримдикте. Жүрөгүңөр менен ойногула, татыктуу ойноо жана Кыргызстандын атын алыска таанытуу биздин колубуздан келет.

Учурдан пайдаланып, бүткүл кыргызстандыктарды кирип келген жаңы 2019-жыл жылыңыздар менен куттуктайм! Ар бир үй-бүлөгө бакубат таалай жана чың ден соолук каалайм. Жаңы футбол жылыңыздар менен! Алга, Кыргызстан!