Федерация Футбола Кыргызской Республики

Категории

  • No categories

    Поиск

    Фотогалерея

    m02_10 img_5896 dscn0372 dscn0056 m08_27 dscn9992

    Календарь

    August 2019
    M T W T F S S
    « Jul    
     1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
    262728293031  

    Партнёры

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

(Кыр) Бизге күйөрмандарыбыздан биринчи баян келип түштү

“2007-жылы борбордогу окуу жайлардын биринде 1-курстун студенти элем. Шаарга айылдан келгениме эки эле ай болгон. Бир күнү окуудан чыгып, үйгө кетейин деп жатсам көзүмө чоң баннерде илинип турган жарнак урунду. Жакыныраак барып окусам – “Футбол: Кыргызстан – Иордания” деген жазуу экен. Билетти ЦУМдун алдынан алсаңыздар болот дегенин окуп алып, дароо ЦУМду көздөй багыт алдым. Барып эле баасын сурасам 50 сом экен. Чөнтөгүмдү аңтарсам, үйдөгүлөр бир жумалык жол кирең деп берген 50 сом бар экен. Көздү жумдум дагы билетти сатып алдым. Окууга жөө барып келсем да мейли эле, бирок, башкы максатым ошол футболду жандуу көрүү эле. Оюн күнүнө чейин күн санап жүрдүм, акыры ал күн да келди. Оюн башталаарына 2 саат калганда стадионго барып алдым. Оюн убактысы жакындаган сайын көрүүчүлөр стадионго жык жыйма толо баштады. «Кыргызстан» деп кыйкырып, сүрөп аткан күйөрмандардын арасында мен катарлаш отурдум. Акыры, көпкө күттүргөн Ак Шумкарларыбыз жашыл талаага чыга келишти. Оюн башталды, стадиондо ызы-чуу, кооптуу абалдар жаралганда ордубуздан так секире калып, бирде кыйкырып, бирде ышкырып атып 90 мүнөт кантип өткөнүн байкабай калдык! Бактыга жараша, келген элдин ишеничин актап, Ак Шумкарлар 2-0 эсебинде жеңишке жетишишти. Ал учурдагы кубанычтар, эмоциялар кечээги күндөй али эсимде!

Жеңишти майрамдап, стадиондон чыккан күйөрмандар менен, Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине чейин жөө жүрүш жасап, басып бардык. Тарачудай түрүбүз жок эле, акыры тартип сакчылар келип, араң таратышты.

Ошол күндөн баштап Ак Шумкарлар менен бекем досмун. Бир дагы оюнду өткөрбөй көрөм, жеңилсе да, жеңсе да – ар дайым колдоп келем. КРФФнын баракчалары менен тыгыз байланыштамын. Жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтүп, кабардар болуп турам. Сөзүмдүн аягында, алдыда боло турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарында АК ШУМКАРларыбызга чоң ийгиликтерди каалаймын. Дүйнөлүк чемпионатты көрүп калаар күнүбүз дагы алыс эместир. Артыңыздарда калдайган кыргыз эли, анын ичинде мен дагы сиздер мененмин. Ал эми, ушундай мүмкүнчүлүк берген КРФФнын ишине ийгилик. Рахмат!”

Сыргак Акшамов