Федерация Футбола Кыргызской Республики

Категории

  • No categories

    Поиск

    Фотогалерея

    dscn0067 dscn0119 dscn1145 m08_07 m13_25 m29_08

    Календарь

    February 2019
    M T W T F S S
    « Jan    
     123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728  

    Партнёры

    _MG_6085-10 September 2018 (1)
    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    legenda-logo-partner
    бай тушум
    Газпром
    logo_1 (3)
    sputnik_logo
    Европа
    logo-fanat
    tez-logo
    avisa-logo

(Кыр) Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу суйлөшту

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты билдиргендей, бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы эртең өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап,  Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын  Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

«Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир Кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм.

Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады. Команда катышкан ар бир матч күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратууда. Биздин жигиттер күчтүү атаандаштарга — Азия Кубогунун фавориттерине каршы татыктуу ойношту.

«Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда биздин футболчулар бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу матч болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана Жеңиш каалайм!», — деди Мамлекет башчы.

Маалымат  www.president.kg сайтынан