Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

АФК Кубогу-2020: “Нефтчи” плей-офф баскычына автоматтык түрдө өттү

Түркмөнстандын “Ахал” клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагында белгиленген беттешке келбей койгондугуна байланыштуу Азия футбол конфедерациясы регламентке ылайык аталган команда турнирден четтетилди.  Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу мелдештин плей-офф баскычына автоматтык түрдө өтүп, тайпалык баскычка чыгуу үчүн “Худжанд” (Тажикстан) менен ойнойт.

Биринчи беттеш 19-февралда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өтөт. Жооптук беттеш 26-февралда белгиленген.