Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    img_0506 img_2537 dscn0061 dscn0043 1604433_673938212645410_668925060_n dscn0040

    Календарь

    February 2020
    M T W T F S S
    « Jan    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    242526272829  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

Бахадыр Кочкаров Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитетинин отурумунда Бахадыр Кочкаров Закирович Кыргыз футбол союзунун Калыстар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бахадыр Кочкаров – белгилүү кыргыз футбол калысы, карьерасын 1997-жылы баштаган. Ал акыркы эл аралык беттешин 2019-жылдын 10-ноябрында калыстык кылган. Реферинин  ФИФА даражасындагы жардамчысы дүйнө чемпионатында 9 беттеште калыстык кылган.

Кыргыз футбол союзунун калыстар комитетинин башкы максаттары – КФСинин эгидасындагы калыстар жана инспекторлорду өнүктүрүү программасынын алкагында калыстар жана инспекторлорду өнүктүрүү, амактык калыстар уюмдарды бириктирүү, бир багытка салуу. Ар кандай даражадагы мелдештерди тейлей турган калыс жана инспекторлорду издөө, окутуу, даярдоо жана тарбиялоо. Жергиликтүү жана чет жактан алган тажрыйбаларды колдонуп, калыстардын жана инспекторлордун сапатын жакшыртуу, аймактык калыс-инспекторлорлу уюмдардын ишмердүүлүгүн багыттоо, эл аралык калыс уюмдар менен мамиле түзүү жана тыгыз иштешүү, калыс жан инспекторлордун укуктарын коргогон документтерди даярдоо.  

 IMG_3476

Кочкаров Бахадыр Закирович

ФИФАнын экс-ассистент калысы

Туулган жылы: 13-май, 1970-жыл

Билими

Жогорку

1990 – 1995 Ош Мамлекеттик Университети, дене тарбия жана спорт факультети, “Дене тарбия жана спорт мугалими” кесиби

1987 – 1988 Технологиялык окуу жайы, Подольск шаары, Орусия

1988 -1990 Советтик армияда спорттук ротада кызмат өтөгөн

Иш тажрыйбасы

1990 -1995 Ош облусунун ДЮСШ, машыктыруучу-окутуучу

1995– 2008 Ош облусунун ДЮСШ, окутуу боюнча билим башчысы

2008 – 2010  Ош облусунун ДЮСШ, директордун орун басары

2010 –азыркы убакытка чейин Жаштар жана жаш калыстар менен коомдук иштер

2013 – азыркы убакытка чейин  КРФФнын президентинин кеңешчиси

2015 – 2018 КРФФнын түштүк аймагындагы жаш калыстар мектебинин директору

2015 – азыркы убакытка чейин Калыстар комитетинин түштүк аймагындагы төрагасы

2017 – азыркы убакытка чейин,  А.Момунов атындагы ОДЮСШ директору

2018 –  «Футбол – игра для всех» фондунун президенти

2018 – Эл аралык оюндарды тейлөө боюнча рекордчу.

2019 – ФИФА эгидасынын алкагында курагы боюнча улуу калыс катары эң көп оюнга калыстык кылган.

Калыстык тажрыйбасы

1997-жылдан бери эл аралык жана Азия футбол конфедерациясы, ФИФАнын оюндарына калыстык кылган

2000-жылы Иорданиянын Падышасынын кубогу турниринде

2001-жылы 16 жаштагы футболчулардын турнири (Калькутта, Индия)

2002-жылы 16 жаштагылардын арасында Дүйнө чемпиондугуна чыгуу турнири

2003- 2007 жылдары АФК жана ФИФА турнирлери

2007-жылы 20 жаштагылар арасында Дүйнө чемпиондугу (Канада)

2008-жылы клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу, финалдык беттеш «Манчестер Юнайтед» (Англия) – «Тиго» (Коста-Рика)

2009-жылы 17 жаштагылар арасында Дүйнө чемпиондугу

2010-жылы 19-Дүйнө чемпиондугу ТАР, 5 оюн, анын ичинде ачылыш беттеши

2011-жылы Катардагы Азия Кубогу

2011-жылы Чемпиондор Лигасынын финалы (Сеул, Түштүк Корея)

2011-жылы клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу, 2 оюнда калыстык кылган. Финал “Барселона” – “Сантос”

2012-жылы Лондондогу Олимпиада оюндары, ачылыш оюну жана жарым финалдык беттештер

2013-жылы Чемпиондор Лигасынын финалы (Токио, Япония)

2013-жылы Конфедерация Кубогу – Бразилия 2013.

2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпионаты

2015-жылы Австралияда өткөн Азия Кубогу

2015-жылы Персид булуңунун Кубогу

2016-жылы Орусия-2018 Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндары

2017 – 2018-жылдары Чемпиондор Лигасы жана Азия Кубогунун беттештери тейлеген

Азыркы учурда ФИФА, АФК жана Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндарына калыстык кылат

Сыйлыктары

1992-жылы  «Биринчи категориядагы калыс», республикалык калыстар сбору

1996-жылы ФИФА сертификаты, Эл аралык калыстар семинары, Бишкек шаары

1996 – «Улуттук категориядагы калыс»

1997 –  « ФИФА калысы» эл аралык категориясы

1997 – 2010-жылдары Япония, Иордания, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Испания, Швейцария, Малайзия, Индонезия, Сингапур, БАЭ, Катар, Канада жана башка 64 өлкөдө эл аралык семинарга катышкан

2000 – жакшы калыстык үчүн Ардак грамота, Иордания падышасынын Кубогу

2001 -жакшы калыстык үчүн коло медаль, Калькутта (Индия)

2002 – жакшы калыстык үчүн коло медаль, Дүйнө чемпионатына чыгуу үчүн 16 жаштагылардын турнири

2004 – Кыргыз Республикасынын мыкты дене тарбия жана спорт кызматкери

2007 – жакшы калыстык үчүн алтын медаль,20 жаштагылардын Дүйнө чемпионаты (Канада)

2008 – жакшы калыстык үчүн коло медаль, клубдар арасындагы Дүйнө чемпионаты (Япония)

2009 – жакшы калыстык үчүн коло медаль, 17 жаштагылардын Дүйнө чемпионаты (Нигерия)

2010 – жакшы калыстык үчүн коло медаль, 19-Дүйнө чемпионаты (ТАР)

2010 –Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дене тарбия жана спорт кызматкери

2011 – АФКнын Ардак грамотасы, Азия Кубогу (Катар)

2011 – АФКнын мыкты калыстык үчүн алтын медаль, Чемпиондор Лигасы (Корея)

2011 –  Мыкьты калыстык үчүн ФИФАнын алтын медалы, клубдар арасындагы Дүйнө чемпионаты (Япония)

2014 – Мыкты калыстык үчүн ФИФАнын медалы, АФКнын ыраазычылыгы, Дүйнө чемпионаты (Бразилия)

2014 – «Даңк»медалы

2015 – ОДКБ медалы

2016 – Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан «Эл ынтымагы» ордени.

Орусия Федерациясынын, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын ТИМинин диплом жана ыраазычылык каттары

Билген тилдери

Кыргызс, өзбек, орус, англис