Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    img_5932 img_0227 img_5906 m08_05 m13_05 dscn0199

    Календарь

    February 2020
    M T W T F S S
    « Jan    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    242526272829  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы жаңы юридикалык жак “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөндүгүн билдирет

“Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы” коомдук бирикмеси 2020-жылдын 1-январынан тарта жаңы юридикалык жак – “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөндүгүн билдирет. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын” 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференциясында 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган.

Өзгөрүүлөр биринчи кезекте юридикалык негизде жүргүзүлгөн. Анткени, ФИФА жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизди. Мындан улам, буга чейинки “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын” коомдук бирикмеси уюштуруу-укуктук таризи мындан ары ылайыктуу жана эффективдүү болбой калды. Андыктан, кабыл алынган юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана азыркы учурдагы эң оптималдуу уюштуруу-укуктук тариз болуп саналат. Бул бирикменин алкагында, негизги футбол уюмдарынын коомерциялык эмес уюмдар менен тыгыз иштөөгө, чогуу иштеген ишмердүүлүктү бир багытка салуу жана керектүү кызыкчылыктарды чогуу көрсөтүү менен коргоого мүмкүн болот.

Конференциянын жыйынтыгында 2020-жылдын 1-январынан тарта “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы” коомдук бирикмесине тиешелүү спорттук жана башка укук, милдеттемелерди Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү катары “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөрүлүп берилсин деген токтом кабыл алынган.

“Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмеси Эл аралык футбол ассоциациялардын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз спорттук уюм катары толук укуктуу мүчөсү болду.

КФС_kyr-01