Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    10000397_673928299313068_1789236894_o img_0165 img-20140228-wa0003-300x168 dscn0026 m13_06 dscn0028

    Календарь

    February 2020
    M T W T F S S
    « Jan    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    242526272829  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

“Азалия – СДЮШОР СИ” – футзал боюнча (U-16) арасында Кыргызстан чемпиону

Бишкектеги VIVAT спорт комплексинде футзал боюнча 16 жашка чеинки кыздар арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Турнирге 7 команда катышты: “Беловодск” (Чүй), “Таш-Көмүр” (Жалал-Абад), “Теңир-Тоо” (Нарын), “Кызгалдак” (Жети-Өгүз), ДЮСШ (Чүй), “Ысык-Көл”, “Азалия-СДЮШОР СИ” (Бишкек).

IMG_3639 IMG_3644 IMG_3645 IMG_3650

Мелдештин жеңүүчүсү болуп “Азалия-СДЮШОР СИ” командасы аталды. Финалда “Беловодск” (ДЮСШ Москва району) менен кез келип, 6:0 эсебинде утуп алды. “Таш-Көмүр” командасы 3-орун үчүн оюнда  “Ысык-Көлдү” 6:2 эсебинде жеңди.

IMG_3537 IMG_3552 IMG_3589 IMG_3600

Мелдеш жыйынтыгы:

I орун- “Азалия-СДЮШОР СИ” (Бишкек)

II орун – “Беловодск” (ДЮСШ Москва району)

III орун – “Таш-Кумыр” (Жалал-Абад)

IV орун – “Ысык-Көл” (Ысык-Көл облусу)

Победитель - “Азалия-СДЮШОР СИ” (Бишкек) Главный тренер: Уматалиева Г.О.

Жеңүүчү – “Азалия-СДЮШОР СИ” (Бишкек)

Башкы машыктыруучу: Уматалиева Г.О.

II место - "Беловодска" (ДЮСШ Московского района) Главный тренер: Чикишева Ж.

II орун Башкы машыктыруучу: Чикишева Ж.

“Таш-Кумыр” (Джалал-Абад) Главный тренер: Абдуллаев Т.

“Таш-Көмүр” (Жалал-Абад)
Башкы машыктыруучу: Абдуллаев Т.

Мелдештин жабылуу аземинде футзал боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Олег Гевленко жана КФСнин юридикалык бөлүмүнүн башчысы, ФИФА калысы Нурдин Букуев бардык катышуучуларды куттукташты. Ошондой мелдештин мыкты оюнчулары аныкталды:

Жеке номинацияда жеңүүчүлөр:

“Мыкты дарбазачы” – Маслякова София (“Беловодск” (ДЮСШ Москва району)

“Мыкты коргоочу” – Ибашева Каныкей (“Таш-Көмүр” (Жалал-Абад)

“Бомбардир” – Каратаева Аяна (“Азалия-СДЮШОР СИ” (Бишкек) – 14 гол

“Мыкты оюнчу” – Рысбекова Медина (“Ысык-Көл”)

IMG_3708 IMG_3710 IMG_3712 IMG_3718

 

Өспүрүмдөр арасында мелдеш биринчи жолу өткөрүлдү. Мындан тышкары, 17-21-февраль күндөрү Бишкекте кыздар арасында Кыргызстан чемпионаты өтөт.

Оюндар жыйынтыгы:

 

13-февраль

Жарым финалдар:

“Таш-Көмүр” – “Беловодск” – 1:2 (0:1)

“Азалия-СДЮШОР СИ” – “Ысык-Көл” – 9:2 (3:2)

14-февраль

 3-орун үчүн

“Таш-Көмүр” – “Ысык-Көл” – 6:2 (2:0)

Финал

“Азалия-СДЮШОР СИ” – “Беловодск” – 6:0 (2:0)