Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы

Категориялар

  • No categories

    Издөө

    Фотогалереясы

    dscn0060 dscn0285 dscn1160 dscn0030 dscn0023 dscn9429

    Календарь

    February 2020
    M T W T F S S
    « Jan    
     12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    242526272829  

    Партнёрлор

    Flag_of_FIFA.svg
    10930863_795462770490535_6826873518375806683_n
    лого IHLAS 16
    АКБ
    legenda-logo-partner
    logo_1 (3)
    Европа
    logo-fanat

Амиржан Муканов: “Азия чемпионатынын убактысы жылдырылганына карабай даярдык белгиленген график боюнча жүрөт”

3-5-феварль күндөрү Даммам шаарында Кыргызстан Сауд Арабиясы менен эки жолдоштук беттеш өткөрдү. Биринчи оюнда кыргыз футзалчылары 5:3 эсебинде жеңсе, экинчи беттеш 4:4 эсеби менен жыйынтыкталды. 

Аталган оюндар 26-февралда баштала турган Азия чемпионатына даярдыгы алкагында өткөн. Коронавирустун айынан турнирдин убактысы жылдырылгандыгы команданын даярдык учурунда белгилүү болду. Спарринг-оюндар кандай өткөндүгү жана жакынкы пландар боюнча Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов айтып берди. 

835f980b-dd1e-483a-84fa-608d890201d3

– Бул жолдоштук беттештерде команда үчүн башкы тапшырма кандай эле?

– Даммам шаарындагы Сауд Арабиясы менен болгон оюндар менен биринчи микроциклди аяктадык. Бул эки оюнга атайын белгиленген тапшырмалар бар эле, тактап айтканда, позициялык коргонуу жана прессинг кылууну көрүү болчу.  Аталган оюндардан кийин тиешелүү жыйынтыктар түптөлдү. Кай бир нерселер болуп жатты, кайсы бир учурларды карап чыгуу керек. Ошондой эле оюнчулардын уюшулган жана жеке аракеттерин көрдүк.

– Сауд Арабия жөнүндө маалымат бар беле, атаандаш таң калтыра алдыбы?

– Айта кетчү жагдай, атаандаш көпчүлүк убакытта 5-оюнчу менен ойноп жатты, бул биз үчүн күтүлбөгөн жагдай болду. Команданын реакциясы да күтүүсүз болду. Бул схемада ойноп жатканда биз бир канча голдорду өткөрүп алдык. Мындай учурда азчылыкта жана дарбазачы-оюнчуга каршы ойной турган курамды дароо чыгарган жокпуз. Буга кандай реакция кыларын ошондогу оюнчуларды байкадык. Оюн учурунда атаандашка кызыл кагаз берилгенде, тилекке каршы, 4кө 3 артыкчылыгын ийгиликтүү колдоно албай калдык. Жалпысынан оюнда бардык оюнчуларды көрө алдык. Бул маанилүү. Бирок, жогорку аспекттер боюнча толук даярбыз деп айтууга ишеним азырынча жок. Андыктан иштөөнү улантабыз.

Даммамда болгон убакытты пайдалуу өткөрө алдык. Эки жолудан машыгуулар өтүп жатты. Сапар натыйжалуу болду деп айта алам.

8f1e6533-bc19-4a3a-8dd9-db4ede5b9fad

– Азия чемпионатынын белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгы боюнча маалымат Сауд Арабияда жүргөндө белгилүү болду. Бул жаңылыкка кандай карадыңыз?

– АФКнын Ассоциациялары буга ар түрдүү карашты: Өзбекстан, Индонезия сыяктуу өлкөлөр даярдыктарды токтотту. Ал эми кай бирлери Тажикстан, Сауд Арабиясы даярдыктарын улантууда. Мындан улам, биздин Өзбекстан менен боло турган оюндар (14-15-февраль) жокко учурады, бирок калганы боюнча графикти карманабыз. 11-февралдан тарта Чолпон-Ата жана Бишкекте өтүүчү даярдыктардын кезектеги этабы башталат. 21-22-февралда Алматы шаарында МФК «Кайрат» менен жолдоштук беттеш өтөт. Эки тарап тең муну тастыктады. Биз Европанын мыкты командасы менен беттешүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашыбыз керек, мындай учур дайыма эле боло бербейт. Бул оюндар план боюнча болот. Ошондой эле чемпионатка дагы өзгөрүү кирди – Суперлига 29-февралда старт алат. Калган пландар Азия чемпионатынын мөөнөтүнө көз каранды болот.