Monthly Archives: October 2014

“Курманбек” стадиону алгачкы жолу эл аралык оюнду кабыл алат

Азия футбол конфедерациясы Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионун “Нефтчи” футбол клубунун АФК Кубогундагы тандап алуу оюндарын кабыл алган стадион катары бекитти. Дал ушул стадиондо 5-февралда Кыргызстан Кубогунун ээси “Нефтчи” АФК Кубогундагы тандап алуу оюнунда “Ахал” (Түркмөнстан) клубу менен кез келет. Аталган оюн бул стадион үчүн эл аралык беттешти алгачкы жолу кабыл алат. Эки оюнда “Нефтчи” жеңишке […]

Кыргыз Футбол Союзу (мурунку КРФФ) Бишкекте “D” лицензиясындагы машыктыруучулук окууга кабыл алат

Кыргыз Футбол Союзу (мурунку КРФФ) Бишкекте “D” лицензиясындагы маышыктыруучулук окууга кабыл алат. Машыктыруучулук курска окуу үчүн анкета толтуруп, төмөндөгү документтерди тапшыруу керек: 1. Анкета 2. Чет мамлекеттик паспорт жана ID (сканерленген) 3. Фото – 3х4 (3 даана) 4. Медициналык маалым кат 086 6. Аймактык техникалык директордун КРФФнын Машыктыруучулук окутуу жетекчисинин Эшенов Мирлан Байышбековичтин атына мүнөздөмө […]

CAFA U-19 GIRL’S FUTSAL 2020: Мелдеш жыйынтыгы

19 жашка чейинки футзал боюнча Кыргызстан курама командасы  Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA U19 GIRL’S FUTSAL мелдешинде 4-орунду алды. Мелдештин акыркы оюнунда Келкел Анарбековдун насаатчылык астындагы команда турнирдин жеңүүчүсү Иранга 0:2 эсебинде жеңилди.  Күмүш медалдарды Өзбекстан командасы алды. Үчүнчү орунду Түркмөнстан курама командасы ээледи. Аталган турнир Борбор Азия футбол уюмунун эгидасы алкагында футзал боюнча алгачкы мелдеш болду. […]

Футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-19) Казакстандын чемпионатына катышууда

28-январдан тарта Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы (U-19) Андрей Пестряковдун машыктыруучулук алдында Казакстандын чемпиондугуна катышуу үчүн Алматы шаарына учуп кетишти. Турнир «Кайрат» спорт комплексинде өтүп, 1-февралга чейин созулат. Турнир 29-январда башталып, биринчи күнү Кыргызстан «Актөбө» командасын 5:0 эсебинде утуп алды. Бул мелдеште 2001-2002-жылы туулган футболчуларга кароо өткөрүү жана техника-тактикалык учурларды өздөштүрүү негизги максаттардын бири болуп саналат. […]

Ардагер Лигасынын командаларынын өкүлдөрүнүн эсине

4-февраль күнү (шейшемби) Кыргыз футбол союзунун (мурунку ФФКР) концеренц-залында саат 12:00дө Ардагерлер чемпионатынын катышуучуларынын жалпы чогулушу өтөт. Катышуучу командалардын өкүлдөрү сөзсүз келиши шарт.  

Казакстан ачык чемпионаты (U-16): Кыргызстан курама командасы 6 оюнда 6 жеңишке жетишти

Өспүрүмдөр арасындагы Кыргызстан курама командасы Вадим Кондратковдун машыктыруучулук алдында футзал боюнча Казакстандын ачык чемпионатына катышты. Турнир 24-январдан 28-январга чейин Алматы шаарынын “Кайрат” спорт комплексинде өттү. Медалдар үчүн Казакстандын 6 командасы күрөштү, Кыргызстан сынактан тышкары катышты. Кыргызстан курама командасы 6 оюнда 6 жеңишке жетишти, голдордун саны 24:7. Оюндар жыйынтыгы: Кыргызстан (U-16) – «Кайрат» – 2:1 Кыргызстан […]